Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Аксакалдар соту

АКСАКАЛДАР СОТУ – аракеттеги КР мыйзамдарына ылайык, белгиленген тартипте сот, прокурор, ички иштер органдары ж. б. мамлекеттик органдар менен кызмат адамдары тарабынан жиберилген материалдарды кароого чакырылган ыктыярдуу башталышта түзүлүп, шайлоого жана өзалдынча башкарууга негизделген коомдук органдар. Аксакалдар соту урмат-сый менен абыройго ээ аксакалдардын арасынан жарандардын чогулушу, жергиликтүү кеңештер же дагы башка жарандардын ичинен айыл, кыштак, шаар аймагындагы жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдары тарабынан уюштурулушу мүмкүн. Аксакалдар соту юридикалык жак болуп саналбайт жана акыйкат органдарында каттоого алынбайт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: